Биз менен байланышыңыз

Эртең 188 журналисттин катышуусу менен президенттин маалымат жыйыны өтөт

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 559 | 0

Эртең, 25-декабрда боло турчу Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынына бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM