Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев: Биз кызматташуунун жаңы багыттарын табууга умтулабыз

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 431 | 0

«Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин терең институционалдашкандай, Казакстан бир да башка мамлекет менен мындай  мамиле жасабайт», — деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27- ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кыргыз-казак Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин Бешинчи жыйынында.

Касым-Жомарт Токаев Кеңештин мурунку отуруму акыркы жолу 2014-жылы Нурсултан шаарында өткөнүн эске салды. Ушундай тыныгууга карабастан, Кеңеш эки тараптуу мамилелердин бардык спектрлери боюнча маанилүү саясий чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө болуучу кызматташтыктын эң жогорку органы бойдон калганын баса белгиледи.

«Биз кызматташуунун жогорку деңгээлин сактап турууга, биргелешип иштөөнүн жаңы багыттарын табууга жана өнүктүрүүгө умтулабыз. Бул казак-кыргыз мамилелеринин рухуна жана мүнөзүнө шайкеш келет», — деди Токаев.

Касым-Жомарт Токаев эл аралык көптөгөн маселелер боюнча Казакстан менен Кыргызстандын көз карашы бирдей экенин белгиледи.  Өлкөлөр ортосунда жалпы саны 180 келишимдерден жана макулдашуулардан турган олуттуу келишимдик-укуктук база түзүлгөнүн кошумчалады.

Ал ошондой эле жалпы чек арабыз, калыптанып калган ишенимдүү транспорт инфраструктурабыздын бар экени жана Евразия экономикалык бирликтин алкагында өнөктөш экенибиз эки тараптуу мамилерибиздин артыкчылыгы болуп саналарын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM