Биз менен байланышыңыз

29-ноябрда Арстанбек Ирсалиевди эскерүү кечеси өтөт

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 418 | 0

29-ноябрда саат 18:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Арстанбек Ирсалиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кеченин коноктору дүйнөлүк балет жылдыздары Ирина Перрен жана Марат Шемиунов, “Кремль балетинин” примасы Екатерина Первушина жана “Астана операнын” премьери Еркин Рахматуллаев болмокчу.

Белгилүү бийчи, Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык сынактардын жана сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев катуу ооруга туш болуп, өлкөдөн Америка Кошмо Штаттарына кетип, ушул жылдын 5-октябрында дүйнө салган.

Арстанбек Ирасалиев 1950- жылы 25- февралда Чүй облусунун Кара – Балта шаарында төрөлгөн. Таланттуу Арстанбек Ирсалиев А.Я. Ваганов атындагы Ленинград мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайына тапшырган. Ал эми, 1969-жылы Бүткүл союздук балет артисттеринин арасында уюштурулган сынакта А. Хачатуряндын музыкасына жазылган “Рикша” номерин мыкты аткарып жеңүүчү болгон.

Ошол эле жылдан баштап, Арстанбек Ирсалиев классикалык репертуарлардын алдыңкы партияларын аткарып баштаган. Алар: “Ак куу көлү”, «Жизель», «Корсар», «Ромео жана Джульетта», «Лауренсия», «Франческа да Римини», «Бахчисарай фонтаны», «Шопениана», «Дон Кихот», «Спартак», «Баядерка» болгон. Ошону менен катар Арстанбек улуттук спектаклдерди да мыкты аткарган. Алар: «Анар», «Куйручук», «Асел», «Саманчынын жолу» жана башкалар. Артистин талантын киночулар да байкап, кийинчерээк “Ысык- Көлдүн кызгалдактары” жана “Космонавттар көчөсү” тасмаларына тартылган. Өзүнүн бий тармагындагы жеке карьерасын токтоткондон кийин, Бишкек хореографиялык окуу жайына мугалим болуп эмгектенип калат. Кыргыз балетинин труппаларын түзүүдө, анын бий тармагында үзгүлтүксүз байланышып эмгектенгени ал үчүн эң маанилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM