Биз менен байланышыңыз

«Зомбулукка каршы» акциясы башталды

Без рубрики , Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 525 | 0

Өкмөт Кыргызстандагы зордук-зомбулукка каршы эч кандай чара көрбөйт. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова «Маралга» билдирди. Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, андагы аялдардын кордолушу жылдан-жылга өсүп жатканын кошумчалады:

-Кыргызстанда күйөөсүнөн ур-мокмок жеп, кароосуз калган аялдар ай сайын көбөйүп жатат. Мунун себеби үй-бүлөдө башкаруу системасынын жөнгө салынбай жатканы, аракечтикке берилүү, кумар оюндарына кызыгуу жана наркотикалык заттарды колдонуу болуп саналат. Бизге ар түрдүү аялзаты кайрылат, алардын бара турган, жашай турган жайлары жок болуп жатат. Мына ушул сыяктуу маселеде мамлекеттин кайдыгерлиги билинип калат. Биз 21 жылдан бери «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясын өткөрүп келебиз. Мунун алкагында жалпы 7 дубанда ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

Дүйнөдө, жана Кыргызстанда да аялдарга каршы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы 25-ноябрда башталды. Аталган иш-чара 10-декабрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM