Биз менен байланышыңыз

УКМК: Салык кызматынын кызматкери пара алып кармалды

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 383 | 0

20 миң сом пара алып жаткан учурунда  Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери А.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.

Бул материалдар Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамга карата сот органдары тарабынан үй камагына камоо боюнча баш коргоо чарасы каралды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM