Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жер титиреди

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 416 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда таңкы саат 7:08де Жалал-Абад облусунун аймагында жер силкинди. Бул тууралуу Улуттук сейсмология институту кабарлады.

Жер титирөөнүн очогу Сузак районунун Жийде айылынан 1 чакырым аралыкта орун алган. Мындан сырткары, Кыргызстан айылына 1 чакырым жакын жерде болгон. Силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Жакын жердеги Жийде, Кыргызстан айылдарында 3 балл сезилген. Ал эми Калта, Ничке-Сай, Ак-Терек жана Чангет айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болгон.

Адам өмүрүнө залалы тийген учурлар, кыйроолор катталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM