Биз менен байланышыңыз

27-28-ноябрда Бишкекте айрым көчөлөргө чектөө киргизилет

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 580 | 0

27-28-ноябрь күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев мамлекеттик визит менен келсе, 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.

Аталган иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:

  1. «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  2. Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  3. Жибек Жолунан Манас проспектисине чейин;
  4. Чүй проспектиси менен Манас проспектисине чейин;
  5. Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  6. Фрунзе көчөсүнөн Абдрахманов көчөсү менен Бөкөнбаевге чейин;
  7. Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринен резиденцияга чейин.

Copyright © 2017 Maral FM