Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: «Эл бираз акылы жоктук кылып жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 184 | 0

«Эл бираз акылы жоктук кылып жатабыз. Эки саясий топ тирешкен учурда гана компраматтар чыгууда. Өлкөдө болуп жаткан коррупциялык схемалардын, мыйзамсыз иштердин 1 пайызына жетпеген гана көлөмүн билип, калган учурун билбей эле уктап жатабыз». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, адамдар менен эмес, иштеп жаткан коррупциялык схемалар менен күрөшүү зарыл. Жетекчилер алмашканы менен алар да эски схеманын курмандыгы болууда. Башкача айтканда, адамдары кызматтан четтетилгени менен алардын ордуна келген жаңы кызматкерге коррупциялык схема өткөрүлүп берилүүдө. Мындай аракеттер натыйжа бербейт.

Калмаматов мындан сырткары, кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу пикирин билдирди.

Анын баамында, депутаттык комиссия түзгөнгө караганда Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө милдетин парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине берүү зарыл болчу. Анткени аталган комитет компетенттүү орган, күн сайын күч түзүмдөрү менен иштешерин айтат:

-Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди? Комиссиянын ичинде тергөөчү, чалгынчы же күч структурасынын жетекчилери бар бекен? Булар эмне кылганы жатат? «Суроону чечким келбесе, комиссия түзүп коём» дегендей болуп жатат. Комиссияда деле иштин маңызы калып калып, саясий жагы кете берет. Популисттик кадамдар болуп кетиши ыктымал, — дейт Калмаматов.

Эске салсак, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM