Биз менен байланышыңыз

Исаков: «Бизге критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрдү берген белгилер керек»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 707 | 0

Божомолдорго караганда, көптөгөн адистиктер жоголот. Бүгүн биз билбеген жаңы кесиптер пайда болот. Статистикага ылайык, Кыргызстанда билим берүүнүн аймагы жана анын деңгээли жогору. Бирок биз жалгыз эле билим алгандыгы тууралуу диплом эмгек базарына жетиштүү белги бербей жатканына туш болуудабыз. Бизге дипломдун артында технологияларды башкаруу, маселени чечүү, критикалык ой жүгүртүү, иш билги жана башка жөндөмдөрдү берген белгилер керек. Өмүр бою бир кесиптин ээси болуп, бир компанияда иштеген убакыттар өтүп кетип жатат. Азыр кайсы мезгилде болбосун түрдүү тармакта компетенттүү иштөө үчүн дайыма билим алууга даяр болушубуз керек,- деп белгиледи Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков “Көндүмдөргө өзгөрүп жаткан талаптар – билим берүү системасы үчүн чакырык” деп аталган конференцияда.

Иш чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын уюштурулуп, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өткөрүлдү.

Министр өз сөзүндө тездик менен өнүгүп жаткан технология биздин жашообузду өзгөртүп жатканына токтолуп, инновацияны жайылтуу арышы дүйнө жүзү боюнча тездей турганын кошумчалап, ошондуктан адам капиталы үчүн негизги деп саналган билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына инвестиция салууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи:

Негизги аракет — адам капиталын өнүктүрүү, ага инвестиция салууга багытталышы керек. Анын натыйжалуу болуусу үчүн мектеп жашына чейинки курактагы балдардан баштоо зарыл. Бул үчүн көп жумуштар аткарылыш керектигин билебиз жана бул иштерди кантип аткаруу боюнча көз карашыбыз бар, — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM