Биз менен байланышыңыз

Аксы: Окуучу кыздардын массалык мушташынан улам Билим берүү бөлүмүнүн башчысын кызматынан кетти

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 1684 | 0

Министр Каныбек Исаков Аксы райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукай Зиябекованы кызматынан бошотту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Буга окуучу кыздардын массалык мушташы себеп болгон.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосунда мушташ болгону катталган. Жетекчи окуучулардын арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзгөн эмес. Улукай Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбагандыгы эске алуу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду, — деп айтылат министриликтин билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM