Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди.
Өкмөт башчы ишкер айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү:
«2010-жылы дүйнөдө болгону 91 аял миллиардер деп белгиленсе, 2019-жылга карата алардын саны 243кө жеткен. Учурда 21 жаштагы Кайли Дженнер эң жаш миллиардер болуп катталды. Буга чейин Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эң жаш миллиардер катары саналчу. Бүгүн бул рекорд аял кишиге таандык», — деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкөдө экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт.
- Тигүү тармагында иштеген айымдар 90%ды түзүшөт.
- Тейлөө тармагында 402 ишкана бар болсо, анын 40%дан ашыгы аялдардын ишканалары.
- Билим берүү тармагында: өлкө боюнча 74 миң мугалим болсо, анын 69 миңин, дээрлик 90%ын аялдар түзөт.
- 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701 же 70%ы аялдарга таандык.
- Айыл чарбасында 5 миңден ашык чарбалык ишканалар болсо, анын 40%ын аялдар ачкан.
Өкмөт башчы коомдо материалдык бакубатчылыкты эркектер менен бирдей түзгөн аялдардын маанилүү ролун баса белгиледи.