Биз менен байланышыңыз

Турдубаева: «Документтердин баары электрондук форматка өткөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2019 | 550 | 0

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилүүчү документтердин баары автоматташтырылган системага киргизилип жатат. Бул туууралуу аталган кызматтын калкты каттоо департаментинин өкүлү Гүлбарчын Турдубаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, паспорт үчүн документтерди кабыл алган ар бир кызматкер системага электрондук санарип кол тамгасы менен кирет. Документтердин баары электрондук форматка өткөндүгүн белгилеп:

-Документти тариздеген кызматкер онлайн режимде бизге көрүнүп турат. 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор колго жазылып, сүрөттөр колго чапталгандыктан, документтеги маалыматтарды өзгөртүү мүмкүн болгон. Ушундан улам, биз электрондук түргө өттүк. Мыйзам бузуу жолу менен берилген паспорттор аныкталса, дароо ички иштер органдарына өткөрүп берип жатабыз, — деди Гүлбарчын Турдубаева.

Турдубаева жасалма документтердин жасалуусунун алдын алуу максатында биометрикалык паспорттордун бериле баштаганы тууралуу да:

-Учурда жарандын туулгандыгы жөнүндө актыларды санариптештирип жатабыз. 2-3 жыл ичинде жарандык абалдын актыларын базага түшүрүп алсак, толук маалымат чогултулган болот, — деп Мамлекеттик каттоо кызматында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип өттү.

Copyright © 2017 Maral FM