Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Армения президенти Саркисян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 487 | 0

Бүгүн, 16 ноябрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Армения президенти Армен Саркисян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-армян мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде евразиялык интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара мамилелерди бекемдөө механизмдерин, эки тарапка кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

Армен Саркисян Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Copyright © 2017 Maral FM