Кечээ түнү Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институту маалымдайт.
14-ноябрдын түнү 23:49да катталган жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу, Темир-Канат айылында 2,5 балл жана Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.