Биз менен байланышыңыз

Президент балет бийчилери Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 462 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашып, алардын профессионалдык ишмердигине кызыкты.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Надырбек уулу Канатка ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы Сапожникова Ирина Константиновна сыйланды.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.

Буга чейин Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катыша албай калышкан.

Президент артисттерди үйлөнүшү менен куттуктап, аларга узун жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады. Кыргызстанга көбүрөөк келип, жайкы эс алууну Ысык-Көлдө өткөрүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM