Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Дипломатиянын аброю тебеленди

Кыска кабар , Саясат | 14 Ноя 2019 | 658 | 0

“Кыргызстандын дипломатиясынын аброюн жерге тебелей турган окуя болду”. Мындай пикирин саясатчы, мурунку элчи Равшан Жээнбеков ишкер Айеркен Саймаитинин дипломатиялык номур менен жүргөндүгүн «Маралга» берген маегинде айтып өттү:

-Уят. Бул эл аралык деңгээлде Кыргызстандын дипломатиясынын, мамлекеттик аброюн жерге тебелей турган көрүнүш болуп эсептелет. Анткени бир да дүйнө өлкөсүндө мындай дипломатиялык номерлер менен кылмышкерлер же болбосо адам өлгөнүн мен уга элекмин. Бир эле мамлекеттин ичинде эмес, эл аралык уюмдарда, эл аралык коомчулукта, өзгөчө Түркияга окшогон жакын, тууган мамлекетке уят эле болдук.

Ал буга кошумча, сөзсүз түрдө премьер-министр Ички иштер министрлиги сыяктуу мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин кароосу зарыл экендигин белгиледи.

Айта кетсек, ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын дипломатиялык номурдагы унаа менен жүрүшү, ал унаа Туркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болгон Эркин Сопоковго тиешелүү экендиги коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Copyright © 2017 Maral FM