Биз менен байланышыңыз

Азаттык: «Бизге документтерди Саймаити өзү берген»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 3861 | 0

Жакында эле Стамбул шаарында киши колдуу болгон уйгур тектүү Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Азаттык радиосу жана «Клооп» медиа кеңири баяндаган иликтөөсүн жарыялады.

Анда Саймаитинин өлүмү боюнча бир катар жаңы жагдайлар айтылат. Эң негизгиси, «Азаттык» басылмасы буга чейин жарыялаган «Миллиондордун изи» иликтөөсүндөгү документтерди маркум Айеркен Саймаити өзү бергенин билдиришкен. Ошондой эле, иликтөөгө Саймаити менен болгон видео чалууну да кошушкан. Мындан сырткары, Саймаити «Азаттыктын» иликтөөсүнө көмөктөшүү максатында дагы башка документтерди бермекчи болгонун да көрүүгө болот.

Кыргыз бийлигиндеги бир канча жогорку даражадагы чиновниктердин да ысымы аталган бул иликтөөнүн кыргыз тилиндеги варианты «Азаттык» басылмасынын сайтында жарыяланды. Ал эми «Клооп медиада» орус тилиндеги варианты жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM