Биз менен байланышыңыз

Финчалгындоо: Саимаитинин Матраимовдордун фондуна акча которгону тастыкталган жок

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 663 | 0

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы Кыргызстандан чыгарылды делген 700 миллион доллар боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Жыйынтыкка таянып айтсак, Вуфули Бумаилиамуну тарабынан кайрымдуулук максатында «Исмаил Ата» фондуна 199 миң 958 доллар которулган. Ал эми Саимаити акча каражаттарын жеке ишкер катары түрдүү товарларды жана кыймылсыз мүлк алуу үчүн которгон.

«Ошол эле учурда Кытай жаранынын Түркиядан Матраимовдордун «Исмаил Ата» фондуна эки миллиондон ашык акча которгону тастыкталган жок», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Кытай жараны Айэркен Саимаити жана «Абдыраз» ишканасына байланышкан жогорудагы материалдар, ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынан кыймылсыз мүлктү сатып алууга байланышкан, кылмыштуу жол менен табылган кирешесин ачыктоого (легализацияга) арам ою болгондугун караган бириктирилген материалдар жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, финчалгын кызматынын иликтөөсүндө 2014-жылы эле ИИМге Саимаитиге байланыштуу салыктарды төлөөдөн, бажы салыктарын төлөөдөн качуу мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу маалыматтар жиберилгени айтылган.

Эскерте кетсек, «Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айэркен Саимаити деген жаран жана «Абдыраз» ЖЧКсы тарабынан жогорудагы каражаттар чыгарылып кеткендигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM