Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алгачкы жолу эл аралык «Youth America Grand Prix» сынагы өтөт

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 477 | 0

Алгачкы жолу Бишкекте балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America Grand Prix» сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынактын уюштуруучусу Youtn America Grand Prix дүйнөдөгү ири бий түйүнү болуп эсептелет.
Сынактын негизги максаты 9 жаштан 19 жашка чейинки бардык экономикалык, этникалык жана геомаалыматы бар, стипендия жолу аркылуу угуучу, билим алууга мүмкүнчүлүгү бар жана дүйнөлүк бий түйүнүндө аткаруучу катары катышкан студенттерди, мугалимдерди, мектептерди, бий коллективдерин жана бийчилердин башын бириктирүүчү дүйнөлүк класстагы бийчилерди өнүктүрүү жана колдоо болуп эсептелет.

Сынактын негизги байгеси ар бир катышуучуга Америка жана Европа мамлекеттериндеги эң мыкты академиядан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет. Аталган сынактын финалдык бөлүгү Нью–Йорк шаарында өтөт. Бул сынак жарышуу эмес, катышуучунун квалификациялык жөндөмү менен тандап алуу принциби менен өтөт.

Сынакка хореографиялык окуу жайларда, искусство мектептеринде, колледждерде, мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринде жана кошумча билим алып жаткан окуучулар, топтор жана өз алдынча аткаруучулар катыша алат.

Эл аралык сынак 16-ноябрда саат 10:00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында башталат. Ал эми, 17-ноябрь күнү саат 10:00дө мастер класстар жана 13:00дө жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM