Биз менен байланышыңыз

«Рождество алдындагы түн» балетинин бет ачаары өтөт

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 741 | 0

25-февралда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Николай Гоголдун повестинин негизинде «Рождество алдындагы түн» (Ночь перед Рождеством) балетинин бет ачары болот. Спектаклге Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары жана студенттери катышат.

Спектаклди Ваганова атындагы Орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү Алия Аджибаева койгон, буга чейин ал Бишкек шаарындагы Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктаган. Балет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өтөт.

Балет спектаклдын  максаты — кыргыз балетинин мурунку даңкын жандандыруу — жаш таланттарды колдоо аянтчасын түзүү, жаштардын маданий өнүгүүсүнө жол ачуу жана Бишкек Хореографиялык мектебинин кыргыздардын устасы катары коомдогу имиджин калыптандыруу болуп саналат. Балетте орус композиторлору А.К. Глазунов, М.И.Глинка, М.П. Мусорский, Н.А. Римский-Корсаков жана Р.К Шедриндин музыкалары колдонулат.

Алдыда спектаклди Ч. Базарбаев атындагы хореграфиялык окуу жайынын репертуарына киргизүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM