Биз менен байланышыңыз

Назарбаев Зеленский менен Путиндин жолугушуусун Казакстанда уюштурууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 692 | 0

Орусия президенти Владимир Путин менен Украина өлкө башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусун Казакстанда уюштуруу сунушталды. Мындай демилгени Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев көтөрүп чыкты.

«Азыр эки тараптуу сүйлөшүп, маселени чечип алуунун эң ыңгайлуу учуру»,- деп белгиледи Елбасы.

Назарбаевдин айтымында, Зеленский «нейтралдуу аймакта» жолугушууга макулдугун билдирген.

Киев менен Москва мамилеси чыңалган бойдон калууда. Украина Орусияны 5 жылдан бери орун алган өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жарандык конфликтте күнөөлөп келет. Москва болсо аны четке кагып, мындай нерсеге айыптоо оор экендигин белгилейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM