Биз менен байланышыңыз

Президент: Чек араны тактоо иштери тездетилет

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 412 | 0

Кыргызстан айрым кошуна мамлекеттер менен чек араларды юридикалык жактан жол-жоболоштуруунун бүтпөй жаткандыгы — региондогу эң курч маселе. Бул тууралуу президент Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы. Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгынын натыйжасы жана келечеги” аталышты форумда айтты.

Чек арадагы туруктуулукту сактоо — чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жагымдуу шарт түзөт. Коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларды тактоо жана аларды юридикалык жол-жоболоштуруу процессин тездетүүгө умтулабыз”, — деди өлкө башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM