Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Транспорт министрлиги жол эмес, кол салган компанияга айланды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2019 | 546 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Маралга» берген маегинде Кыргызстанда жолдорго кеткен каражаттын баары ойдон чыгарылганын билдирди

Анын айтымында, Бишкек-Корумду жолуна бюджеттен 6,8 млрд сом каралып, 1 км жолго 680 млн сом туура келүүдө. Ал эми эл аралык «Манас» аэропортуна кеткен 27 км жол 1 млрд сомго бүткөн.

Тышкы карыздын 3 млрд 700 млн доллары жол курууга сарпталган. Анын басымдуу бөлүгү 2016-2019-жылдар аралыгында алынган.

«Транспорт жана жол министрлиги жол эмес, кол салган компанияга айланды. Министриликте эч кандай көзөмөл жок. Министрликтин саясаты болгону менен каражатынын баары карызга кетип жатат», — дейт Момбеков.

Copyright © 2017 Maral FM