Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «2019 -жылга карата бюджет жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү социалдык максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 868 | 0

«Кыргызстандын ушул жылга карата республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү социалдык шарттарды жакшыртуу боюнча максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңири жыйынында айтты.

Өкмөт башчы билдиргендей, ушул жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жаңы экономикалык божомолдун негизинде сунушталууда.

«Ушул жылдын аягына чейин чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул бекитилген бюджеттен 3,4 млрд сомго көптүк кылат. 1-октябрдан тарта 120 миң мугалимдин эмгек акысы жогорулады. Бул үчүн  1 млрд 742 млн сом кошумча каражат табылган. 2020-жылы мугалимдерге жогорулатылган айлык төлөө үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Мындан  тышкары, гемодиализге 322,8 млн сом кошумча акча каражаты каралды. Маданий объекттерди оңдоого 238 млн сом багытталган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттар дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, 6,0 млрд сомду түздү», — деди Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, башталган иш жана демилгелерди улантуу менен бирге 2020-жылы бир катар маанилүү иш-чаралар күтүлүүдө, алар өз учурунда чоң салымдарды талап кылат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча депутаттар айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен «Кыргызстандын ушул жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун колдошту.

 

Copyright © 2017 Maral FM