Биз менен байланышыңыз

Д. Жумабеков: Билим берүүгө кошулган салым – келечекке жасалган инвестиция

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 916 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курулушу башталган №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Аталган долбоор Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги ишке ашырууда. 120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо өңдүү багыттар боюнча үч жылдык билим берилет. Студенттер үч маал тамак, стипендия жана жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле алар үчүн тиешелүү окуу шарттары түзүлөт.

Пайдубалына капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн төрага Дастанбек Жумабеков билим берүү тармагына кошулган салым – өлкөнүн келечегине карата жасалган инвестиция экенин баса белгиледи.

Биздин турмушубуз заманбап технологиялар менен тыгыз байланышта экенин экенин эске алганда да, аталган тармак боюнча адистердин арбын болушу өтө маанилүү. Муну менен катар ушундай эле окуу мекемелерин өлкөнүн бардык облустарына ачуу мерчемделип жатканын белгилеп кетким келет”,– деди Жумабеков.

Copyright © 2017 Maral FM