Биз менен байланышыңыз

З. Аскаров: Сынак комиссиясы 155 млн сомго 19 долбоорду жактырды

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 476 | 0

Инвестициялык бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы кезектеги жыйынында республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомго 19 долбоорду жактырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сынак комиссиясынын төрагасы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, долбоорлорду кароодо бекитилген критерийлерди колго алып, аймактардын экономикалык өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу керек. Ошону менен бирге долбоорлорду тандоодо республиканын бийик тоолуу, алыскы, жетүү кыйын болгон жана чек ара аймактарынан келген бизнес демилгелерге артыкчылык берилет.

«Долбоорлордун санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл. Долбоорлордун сапатына алардын кийинки натыйжасы көз каранды. Буга байланыштуу, сынак комиссиясы ар бир долбоорду талдап жатат», — деди ал.

Кезектеги жыйындагы сынактык комиссиянын кароосуна Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600 млн сомдон ашуун 39 бизнес-долбоор сунушталган.

Долбоор сынактык комиссиянын кароосуна бардык коштоочу документтери бар болсо гана, тагыраагы, облустарда ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн макулдугу жана аймактын финансы институттарынын жетекчилеринин кат түрүндө долбоорду жактыруусу менен киргизилет.

Жалпысынан долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы тарабынан 538,3 млн сомго 30 долбоор жактырылган. Жактырылган долбоорлор үзүрлүү ишке ашырылса, аймактарда 1 451 жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM