Биз менен байланышыңыз

Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып өлдү

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 565 | 0

Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүндө майор асынып өлдү. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын маалымат кызматы кабарлады.

Офицердин жансыз денеси ал өзү жашаган жатканада 10-ноябрь күнү эртең менен табылган. Алдын ала маалыматта майор өз жанын кыйган деп айтылууда.

Окуя боюнча Бишкек гарнизондук Аскер прокуратурасы иш жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM