Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Путин Сирия боюнча маектешти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 420 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ишемби күнү, 9-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайты жазды.

Маек алкагында Сириядагы абал тууралуу талкуу болду.

Ошондой эле өлкө башчылары 22-октябрда, Сочи шаарында кол коюлган меморандумдун аткарылганын тастыкташты. Меморандумда ок атууну 150 саатка убактылуу токтотуу макулдашылып, ошол мөөнөттө күрд кошуундары Сириядагы Түркия «коопсуз аймак» деп белгилеп алган жерден чыгып кетиши керек экендиги жазылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM