Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияздын кинофестивалынын уюштуруучулары Хүрремдин кечесине чакырылды

Кыска кабар | 9 Ноя 2019 | 730 | 0

“Даңазалуу доор” тасмасынын каарманы Хүррем Султандын образын жараткан актриса Мерьям Үзерли Эл аралык Азия кинофестивалынын алкагында кайрымдуулук кече уюштурду.

АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы иш чара кыргызстандык режиссер, кинофестивалдын негиздөөчүсү  Садык Шер-Нияздын жана кинофестивалдын урматына уюшулуп, дасторкон жайылган. Бул тууралуу Садык Шер-Нияз өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. Фестивалдын негиздөөчүсү иш чараны уюштурууда жана аны өткөрүүдө көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирген.

ASIAN WORLD FILM FESTIVAL уланып жатат. Бүгүн Мерьем Узерли фестивалга жардам берип, атайын кечесине чакырып, аябай төгүлүп чачылды. Биз деле кем калышкан жокбуз окшойт. Мерьем сулууга ыраазычылыгыбызды айттык. Ушул посттон пайдаланып атайын Кыргызстандан келген коллегаларыма, досторума бул жерде жардам берип жаткан урматтуу элчибизге колдоп келген мекендештериме ыраазычылык айтам”, — деп жазды Садык Шер-Нияз.

Эске сала кетсек, кыргызстандык режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Эл аралык Азия кинофестивалын 5 жыл мурда негиздеген. Фестивалда айтылуу Оскар сыйлыгына Азиядан көрсөтүлүүчү тасмалар көрсөтүлөт.

Быйыл актриса Мерьям Үзерли башында турган калыстар тобу Азия чөлкөмүнөн Оскарга көрсөтүлүүчү кинолорду тандашат.

Copyright © 2017 Maral FM