Биз менен байланышыңыз

Тажик президентинин жан сакчылары Парижде оппозиционерлер менен мушташты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 2989 | 0

7-ноябрь күнү, кечинде Франциянын борбору Париж шаарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24” оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жан сакчылары мушташты. Бул тууралуу CA-NEWS порталы жазды.

Өлкө башчысы 7-ноябрь, кечинде европалык турненин алкагында Швейцариядан Парижге келген. Анда Рахмон Франциядагы ишкер жана инвесторлор менен жолугушкан. Соңунда бир топ документтерге кол коюлган. Анын катарында Талко жана Fives компанияларынын ортосундагы 200 миллион еврону түзгөн келишим да бар.

Европада кыймыл жүргүзгөн тажиктердин оппозиция өкүлдөрү буга чейин Эмомали Рахмондун европага келүүсүнө, жыйынга катышуусуна карата каршылык акциясын уюштурарын билдиришкен.

Тажик президенти Европа турнесин 4-ноябрда Швейцариядан баштаган. 5-ноябрда Швейцариянын борбору Берн шаарында «Группа 24” оппозициялык кыймылынын тарапташтары Рахмонго каршы алгачкы пикетин өткөрүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM