Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы: Комиссиянын чечими кандай күчкө ээ?

Саясат | 5 Ноя 2019 | 535 | 0

7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон кырдаалды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады. Комиссия окуяны изилдегенге гана укуктуу. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “Маралга” берген маегинде билдирди.

«Комиссия түзүү боюнча ЖК өкмөткө тапшырма берип жатканда “комиссия түзгүлө, комиссия изилдесин” дептир. Ошондуктан комиссиянын мүчөлөрү көпчүлүгү “биздин ыйгарым укугубуз жок, биз изилдегенге гана укуктуубуз” деген өңүттө иш алып барды. Корутундунун долбоорунда ушундай нерселер жаралып калды. Эми комиссиянын корутундусун ЖК карап, талкуулап, чечим кабыл алат. Өзүнүн токтому менен бекитип бериши керек”,-деди Сооронкулова.

Буга кошумча ал, комиссия изилдебей, ача албай калган жагдайлар болсо депутаттар башка тарапка берет же корутундуну маалымат катары алганын айтаарын жана комиссиянын чечими боюнча сөзсүз талкуу болушу керектигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү жараат алып ооруканага кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM