Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурум 6-ноябрда өтөт

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 478 | 0

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өттү. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.

Бүгүн мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берди.

Кийинки отурум 6-ноябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM