Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Прокурор Исаковго 15жыл, Калиевге 17жыл сурады

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 786 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга карата ачык соттук жараян өттү. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды.

Прокурор Марат Кулжабаев сотто Сапар Исаковду күнөөлүү деп таап, аны 15 жыл эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоо менен дипломатиялык рангынан, «Манас» орденинен жана мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштебөөсүн суранды. Ошондой эле, камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөөсүн кошумчалады.

Айбек Калиевди да күнөөлүү деп таап, аны 17 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоо менен 303- берене боюнча мамлекеттик кызматтарда 2 жылга чейин иштебөөсүн суранды. Акыркы чечим катары 17 жылга эркинен ажыратуу жана камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөөсүн кошумчалады. Ошондой эле, ТВЕА компаниясынын унаасын саткандыгы үчүн 1 млн сом өлчөмүндө конфискация төлөп берүүсүн суранды.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди да күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл үч ай эркинен ажыратууну жана камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөөнү суранды.

“Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазовду күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл үч айга эркинен ажыратууну жана камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөөнү суранды.

Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкуловдорду күнөөлүү деп таап, аларды 11 жыл үч ай эркинен ажыратууну жана камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөөнү суранды.

Мурунку финансы министри Ольга Лаврованы күнөөлүү деп таап, аны 7 жыл 6 ай камакка алууну жана Сот залынан кармоону суранды.

Осмонбек Артыкбаевди күнөөлүү деп таап, ага 5 млн сом өлчөмүндө айыппул салууну жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратууну суранды.

 

Copyright © 2017 Maral FM