Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ боюнча сот: Исаков менен Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 1306 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча 8 адамга:

-Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков;

-Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев;

-Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев;

-Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев;

-“Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов;

-Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров;

-Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов;

-Мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга карата ачык соттук жараян өттү. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.

Соттун чечимине ылайык:

Сапар Исаков күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөө каралды.

Айбека Калиев да мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөө каралды. Ошондой эле, ТВЕА компаниясынын унаасын саткандыгы үчүн 1 млн сом өлчөмүндө конфискация төлөп берүүсү талап кылынды.

Жантөрө Сатыбалдиев да күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Темирлан Бримкулов, Жолдошбек Назаров жана Салайдин Авазов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, ага 5 млн сом өлчөмүндө айыппул салынды жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.

Мурунку финансы министри Ольга Лаврова 3 млн сом айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Copyright © 2017 Maral FM