Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча 8 адамга:
-Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков;
-Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев;
-Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев;
-Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев;
-“Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов;
-Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров;
-Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов;
-Мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга карата ачык соттук жараян өттү. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.
Соттун чечимине ылайык:
Сапар Исаков күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөө каралды.
Айбека Калиев да мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Камакта кармалган 1 күнүн 2 күн деп эсептөө каралды. Ошондой эле, ТВЕА компаниясынын унаасын саткандыгы үчүн 1 млн сом өлчөмүндө конфискация төлөп берүүсү талап кылынды.
Жантөрө Сатыбалдиев да күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Темирлан Бримкулов, Жолдошбек Назаров жана Салайдин Авазов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, ага 5 млн сом өлчөмүндө айыппул салынды жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.
Мурунку финансы министри Ольга Лаврова 3 млн сом айыппул төлөөгө милдеттендирилди.