Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тапанча менен атышкандарды сот эки айга камакка алды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 888 | 0

9-декабрда баш калаанын Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кечилишинде тапанчадан ок аткан шектүүлөр 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кечээ чыгарганын Ички иштер министрлиги бүгүн кабарлады.

Сот өкүмүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөр 2 айга чейин №1 тергөө абагында камакта болушат.

9-декабрда кечинде белгисиз адамдар “Тойота Авенсис” унаасында бара жаткандарга ок чыгарган. Унаадан бараткандардан экөө атылган октон жабыркап, ооруканага түшкөн.

Окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Коопсуз шаардын камераларындагы тасмалардын жардамы менен ок чыгарган эки шектүү ошол эле күнү колго түшүрүлгөн. Алардын жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тапанчанын октору болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM