Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча башкы инженерлер сурак берди

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 711 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн, 11-июлда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттук отурум болду. Ага судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн түштөн кийин 86 күбөнүн бири катары ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Курманбеков сурак берди. Ал 46 адамдан турган жумушчу комиссиясынын башында турганын жана Кытай тарапка бир канча жолу эскертүү иретинде акт түзүлгөнүн айтып берди. Андан сырткары, авария учурунда модернизациялоо иштери толук бүтө элек болгонун маалымдады.

Бул боюнча эртең менен ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу күбө катары сурак берген. Анда прокурордун: «Химиялык цех тууралуу айтып бериңиз», — өтүнүчүнө, ал өзү жетектеген топ техникалык тапшырмаларды гана аткарып турганын айткан. Муну менен катар, модернизацияга алынган 386 млн доллар абдан жогорулатылганын жана ал сумма кайдан пайда болгону белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, долбоордук-сметалык документ керек болуп, бирок, ал жүргүзүлбөгөндүктөн, долбоордун так баасын чыгаруу мүмкүн эместигин моюндаган.

Эске сала кетсек, «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM