Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү көбөйүп баштады

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 402 | 0

Бүгүн, 17-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 778 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 890 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 312 куб метрге жетүүдө.

Быйыл апрель айында Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин азайган. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычында 11 млрд 555 млн куб метр суу бар болчу.

Суунун деңгээли аз болсо, электр тогунун кубаттуулугу төмөндөйт. Мисалы, Токтогул ГЭСи 1200 мВт кубаттуулуктагы электр энергиясын иштеп чыгарууга ылайыкталган. Эгер суунун көлөмү 6,5 млрд куб метрге чейин азайса, элдин пайдалануусуна эсептелген электр энергиясын иштеп чыга албай калат. Жалпак тил менен айтканда, жарык өчүү башталат.

Кыргызстанда электр тогун маал-маалы менен өчүрүүлөр 2004-жылдары болгон. Кийин 2008-жылдары да бир күндө 6 сааттан жарык өчүп турган.

Copyright © 2017 Maral FM