Биз менен байланышыңыз

Исаков Чүй районундагы авариялык абалдагы мектептерден кабар алды

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 412 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Чүй облусунун Чүй районундагы авариялык абалдагы Тынымсеит Онолбаев мектебинин учурдагы абалы менен таанышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мектепте жалпы 150 окуучу эки имаратта окуп келишкен. Бирок мектептин 1929-жылы курулган негизги имараты авариялык абалда болгондугуна байланыштуу окуучулардын жарымы айылдын медициналык пунктунда (ФАП) даярдалган класстарда билим алышууда.

Министр эл аралык фонддордун жардамы аркылуу жаңы имарат куруу мүмкүнчүлүгү каралаарын белгилеп, бул боюнча тишелүү иштер жүргүзүлөөрүнө токтолду.

Андан соң Каныбек Исаков курулушу жүрүп жаткан С. Сыдыгалиев мектебинин имаратынан кабар алды. Бул мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилгени турат. Министр мындай типтүү окуу имараттарды өлкөдөгү окуучунун саны көп мектептерге да кошумча куруу зарылдыгы бар экенин белгиледи.

Билим берүү жана илим министри өлкөнүн бардык аймактарындагы көйгөйлүү мектептерден кабар алууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM