Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министринин мурдагы орун басары жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 1306 | 0

Мурдагы Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин экс-орун басары Баялин Байтемиров Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болду. Бул кабарды Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тастыктады.

1-ноябрда С.М. башкаруусундагы “Хендай Соляри” унаасы Балыкчы — Ананьево—Каракол багытында баратып, жолго чыга калган жылкыны сүзүп алган. Унаада жүргүнчү катары бараткан Байтемиров жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алган жаракатынан улам ал ооруканада каза тапкан.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Баялин Байтемиров “Шумкар” канаттуулар фабрикасын жетектеп иштеп турган.

Copyright © 2017 Maral FM