Биз менен байланышыңыз

Ошто ыктыярчылар “Ош-Тазалыктын” кызматкерлери менен көчө тазалашты

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 492 | 0

Бүгүн Ош шаарында 50дөн ашуун ыктыярчы жаштар “Ош-Тазалыктын” кызматкерлери менен биргеликте көчө тазалашты. Алар таңкы саат 4тө чогулуп, өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы таштандыларды теришип, көчө шыпырып, тазалашты.

Акцияны кайрымдуулук фонд уюштуруп, ага ыктыярчы жаштар кошулганын «t-media.kg» маалымат булагы жазды. Акциянын максаты ар бир жаранды тазалыкты сактоого үндөө менен шаардын тазалыгына биргеликте көңүл буруу болгон.

Таңкы тазалык акциясы бүгүн алгачкы жолу өткөрүлүп, 11-ноябрь күнү дагы уланат. Уюштуруучу жаштар, каалоочу шаар тургундарын таңкы саат 4тө «Рамазан» соода борборунда күтөт.

Copyright © 2017 Maral FM