Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Атамекендик айыл чарба азыктарынын экспорту өстү

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Ноя 2019 | 382 | 0

Быйыл атамекендик айыл чарба азыктарынын экспорту өстү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 9 айдын жыйынтыгы боюнча өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу сүт экспорту 5 миң 200 тоннага, балык жана эт 1 миң тоннага, ал эми бал 38 тоннага өскөн.

Эт Иран, Кувейт, Араб өлкөлөрүнө экспорттолууда.

«Мындай өсүштөргө эпизоотиялык абалдын жакшырышы, ЕАЭБдин ветеринардык шайкештик статусун алышыбыз, ветеринардык тейлөөнүн өсүшү себеп болду. Мындан сырткары ишкерлер сапаттуу өнүмдөрдү өндүрүп баштады. Сертификаттар электрондук түргө өтүп, чоң жемишин берди», — дейт Жумаканов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM