Биз менен байланышыңыз

Тарыхый баалуулугу бар буюмдарды чыгарып бара жаткан кытай жараны кармалды

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 718 | 0

“Манас” Эл аралык аэропортунан Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учуу каттамын текшерүү учурунда тарыхый баалуулугу бар баалуу металлдарды жана буюмдарды алып бара жаткан Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандан орус тамгалары менен оюлуп жазуу түшүрүлгөн XIX — XX кылымдарга таандык ар кайсыл номиналдагы  23 даана тыйындар жана тыйындан жасалган колго тагылуучу 2 чынжыр (ар бир чынжырда байыркы тыйындардан бештен тагылган) табылган. Табылгалар алдын ала божомолдоолор боюнча алтындан жасалган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди. Кармалган буюмдардын курамы жана наркы тергөө иштеринин алкагында аныкталат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM