Биз менен байланышыңыз

Бакашев: Бишкек экономикалык аймагы төрт жылда 2 млрд. сомдон ашык инвестиция тартты

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 723 | 0

Бишкек эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мурадил Бакашев «Марал» радиосуна берген маегинде 2016-жылдан тарта Бишкек ЭЭАге 2 млрд. 344 млн. сом инвестиция келгенин жана бул сумма 4 жыл убакыт үчүн чоң көрсөткүч экенин билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЭЭАде 2015-жылга чейин 1300гө жакын субъект каттоодон өткөн. Бирок эч кандай иш жасабаган субъектилер каттоодон чыгарылган. Учурда реалдуу иштеген 312 фирма каттоодо турат.

Азыркы күндө Бишкек эркин экономикалык зонасында 69 субъект өндүрүм чыгарып иштесе, 104 субъект алып-сатуу жана тейлөө тармагында иш алып барат.

«Өндүрүштө иштеп жаткан субъектилер башка жакка кетебиз деген жок. Алар күн сайын инвестициясын көбөйтүүдө», — дейт Бакашев.

Бакашев мындан сырткары, 1996-2016-жылдар аралыгында Бишкек эркин экономикалык зонасы 1 млрд. 950 млн. сом инвестиция тартканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM