Биз менен байланышыңыз

Бакашев: Бишкек эркин экономикалык аймагында өндүрүш өсүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 502 | 0

Бишкек эркин экономикалык аймагында 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 3 млрд. 916 млн. сомдук товар өндүрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин аткаруучу директору Мурадил Бакашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын өндүрүштүн көлөмү өсүп, товарлардын 46% экспортко кетүүдө.

Өндүрүлгөн товарлар ички дүң продукциянын көлөмүнүн 1,8 пайызын түзөт. «Белгилей кетчү нерсе, Кумтөрдү» кошпогондо товарлардын 4,7% Бишкек эркин экономикалык аймагында өндүрүлөт.

Аталган аймакта 2016-жылы 5 млрд. 680 млн. сом, 2017-жылы 5 млрд. сомдон ашык, ал эми 2018-жылы 6 млрд. 882 млн. сомдук товар өндүрүлгөн.

Бакашев кошумчалагандай, Бишкек ЭЭАнын жалпы аянты 346 гектар. Учурда 190 га аймагында өндүрүш иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM