Биз менен байланышыңыз

Бакашев: акыркы 4 жылда 11 завод ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 637 | 0

Акыркы 4 жылда 11 завод ачылып, 600гө жакын адам жумуш орду менен камсыз болду. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мурадил Бакашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек ЭЭАда 2 миң 600дөн ашуун жумушчу иштеп жатат. Ошол эле мезгилде 500 жумушчу орду бош турат.

«Бизде жумушчу күч жоюлуптур. Экономикалык аймактагы жумушчулардын күнүмдүк айлыгы 600 сомдон жогору. Өндүрүштө жумушчу жетишпейт. Келгендер да бир жумада кетип калууда. Бул чоң көйгөй», — дейт Бакашев.

Ал белгилегендей, Бишкек экономикалык аймагы өткөн жылы бардык салыктарды кошкондо, мамлекетке 667 млн. сом салык төлөгөн.

Өлкөдө 5 эркин экономикалык аймак бар. Анын ичинен Бишкек экономикалык зонасы гана өндүрүш чыгаруу менен алектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM