Биз менен байланышыңыз

Улуттук көргөзмө борбору талкалануу алдында турат

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 878 | 0

Улуттук көргөзмө борбору кароосуз калып, талкалануу алдында турат. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мурадил Бакашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Улуттук көргөзмө борбору 17 гектар жер аймагы менен 1998-жылы кореялык ишкерге, тагыраагы Борбордук Азия корпорациясына 99 жылга ижарага берилген.

Келишимге ылайык, ишкер аталган аймакка эс алуу борборун жана өндүрүш ишканаларын куруу милдеттемесин алган. Бирок 21 жыл аралыгында «Фламинго» паркынан башка эч нерсе курулган жок жана  көргөзмө борбору кароосуз калды.

«Биз бул боюнча иш алып баруудабыз. Соттук маселелер болду. Келишимди жокко чыгарып, көргөзмө борборун максаттуу пайдалануу аракетин көрүп жатабыз. Ага каражат жетиштүү, долбоорлор да даяр», — дейт Бакашев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM