Биз менен байланышыңыз

Сайкал Садыбакасова: Ыйман тууралуу китептерди көп окуйм

Көңүл ачуу , Марал шоу | 29 Окт 2019 | 1066 | 0

“Кыз бурак” тобунун аткаруучу директору, жеке ырчы катары таанымал Сайкал Садыбакасова “Марал шоу” программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди.

Сайкал, чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз?

-Бизде жаңылыктар абдан көп. Негизги жаңылыгыбыз -“Кыз бурак”тобунун 40 жылдык юбилей-концертине даярданып, 15 ыр жаздырдык.

-Жыл сайын элге канча чыгарма тартуулайсыз?

-Жакшы иштедим дегенде-8 клип тарттым, ал эми начар дегенде -3,4 клип жаратам.

-Обон жаратып калганыңызды билебиз. Сизге эргүү кайсы мезгилде келет?

-Чынын айтсам, бул жылы эки эле обондун үстүнөн иштедим. Мурун изденип, көп эмгек жаратчумун. Эргүү ар кайсы убакта келет. Мисалы, “Жан кызым” аттуу ырыма болгон эргүү идиш жууп жатканда келген (күлүп). Ошол себептүү жакындарым «сени көбүрөөк идиш жуудуруш керек экен» деп тамашалап калышат.

Чыгармачылыктан башка кайсы чөйрөдө өзүңүздү сынагыңыз келет?

-Бизнес тармагына өтөм, буюрса. Сулуулук салонун ачып көрдүм, бирок аны иштетүү үчүн көп убакыт коройт экен. Бизнес иштетем деп ырчылык жумушумду аксатып алган соң, апам «жаш мезгилде чыгармачылыгыңды эле өнүктүрүп ал», — деп каршы болуп койду. Иштердин эң жакшысы эле — ырчылардыкы экен. Тойлордон эле нан таап жатабыз. Буюрса, бизнес менен алектенүүгө өтөм.

-Өзүңүздү мыкты вокалистмин деп эсептейсизби?

-Мактанганды жакшы көрбөйм. Вокалистмин деп айтуудан алысмын, болгону туура ырдаганга аракет кылам. Ырдын сөзүнө маани берем.

-Музыканы түшүнгөн адис катары азыркы шоу бизнестеги жаш ырчыларга кандай баа бересиз?

-Ооба, ырдай албагандар да бар. Бирок алар эмгек кылып сахнага чыгып жатышат. Ар бир мээнетти баалаш керек деп ойлойм. Эмгектенүү менен аракет кылса, мыкты ырчы болуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору болот. Кудай берген талантты өнүктүрбөй, өзүн көрсөтө албагандар бар.

-Сайкалдын мүнөзү оор дегендерге кошуласызбы?

-Ооба, кошулам. Бат ачуум келет, бирок дароо унутуп калам. Кечиримдүүмүн. Ыйман китептерин көп окугандыктан, ар дайым кечиримдүү болгонго  аракет кылам.

-Кино тармагында роль жаратып калдыңыз, дагы сунуштар түшүп жатабы?

-Ооба, сунуштар түшүп турат. Бирок мен башкы ролдо гана ойногум келет. Ошол себептен эпизоддорго тартылгандан баш тартам.

-Маегиңизге чоң рахмат. Чыгармачылык ийгилик!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM