Биз менен байланышыңыз

Абдымен: Кыргызстан демократиянын чеги жок экенин көрсөтүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 619 | 0

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары эле өзгөчө нукта өнүгө турган мамлекет катары таанылган. Бул жоопкерчилик талап кылган саясий баа. Мындай пикирин медиа-эксперт Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кыргызстанды көрбөгөн мамлекеттердин сак болуп жатканынын себеби — Кыргызстан демократиянын чеги жок экенин көрсөтүүдө. Батыш демократиянын чеги бар экенин көрсөтүп жатат. Ал эми биз демократия түшүнүгүн сиңире элекпиз, бизге убакыт керек», — дейт Абдымен.

Анын айтымында, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча да башка мамлекеттерден айырмаланып турат.

«Башка өлкөлөрдүн өткөөл мезгили тезирээк бүтүп жатат. Ал эми Кыргызстанда батыраак өтмөк тургай, тескерисинче, өткөөл мезгил узарып баратат. Себеби мурда калыптанган көз караш менен баалуулуктарга  дүйнө коомчулугунан өзгөчөлөнгөн баабызды бердик. Бул биз өнүгүүгө муктаж экенибизди көрсөтөт», — дейт эксперт.

Абдымен мындан сырткары, Кыргызстанда бийликтин күч менен алмашуулары дүйнө коомчулугуна чоң сабак болгонун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM