Биз менен байланышыңыз

15 саясатчы Курсан Асановдун иши боюнча президентке кайрылды

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 1493 | 0

Кыргызстандын 15 белгилүү коомдук-саясий ишмери Курсан Асановдун иши боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу мурдагы депутат, саясатчы Камчыбек Ташиев «Марал» радиосуна билдирди.

«Мен 2 чоң себеп менен кол койдум. Биринчиси, мен Курсан Асановду кичинекейинен баштап азыркы күнгө чейин жакшы билгендиктен, анын мекенчилдигин, мамлекетке болгон сүйүүсүн, эл-журтка кызмат кылам деген умтулуусун жакшы билгеним себептүү. Экинчиден, аны «мамлекеттик кызыкчылыкка чыккынчылык кылды» деген себеп менен жумуштан кетиришкендерин түшүнбөйм жана мамлекеттик деңгээлде кылмыш жасабагандыгына ишенем. Кайсы бир деңгээлде ката кетирүүсү мүмкүн, бирок «чыккынчылык кылды» дегенине макул эмесмин,»- деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Жолдонгон катта 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов “милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген айып туура эмес коюлганы жана анын мыйзам бузбаганы айтылат.

Кайрылууга кол койгон коомдук-саясий ишмерлер: Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Кубатбек Байболов, Марат Иманкулов, Абдыгул Чотбаев, Асия Сасыкбаева, Каныбек Осмоналиев, Камила Талиева, Эркин Булекбаев, Жылдызкан Жолдошова, Жолборс Жоробеков.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов Биринчи май райондук сот тарабынан 23-декабрга чейин үй камагына алынган. Ал 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM